Бишкекте 22 жаштагы Токтокан Жаныбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда группалашы Нурсултан Бердиев билдирди.
"Токтокан Жаныбек кызы Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти. Ал 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Көлмө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Азырынча анын кай жерде жүргөнү белгисиз болууда. Бишкектеги туугандарынын баарына байланышып чыктык. Милицияга арыз жазылган, бүгүн саат 17:00дөн кийин издеп башташат", - деди Бердиев.
Эгерде кимде Токтокан Жаныбек кызы боюнча маалымат болсо, (0779) 87-57-27, (0551) 05-51-76, (0702) 77-80-34 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.