Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда жергиликтүү тургун билдирди.
"Окуя кечээ, 23-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылында болгон. Анда 2002-жылы туулган бала өз үйүнүн короосунда жипке асынып алган. Ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн. Учурда мектеп окуучусунун мындай жолго барышынын себеби белгисиз болууда", - дейт тургун.