Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунда тоңуп калган адамдын жансыз денеси табылды

Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунда тоңуп калган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган Илхом жана 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жарандар "мончого барабыз" деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

"Бүгүн саат 10:30дан тарта издөө иштери жүргүзүлүп, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 1979-жылы туулган Илхом аттуу жарандын катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Учурда 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жаранды издөө иштери Сары-Кыр ашуусунда катуу шамал, бороон-чапкын болгондугуна байланыштуу убактылуу токтотулду", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyrgyzym23
2016-10-24 20:50:49
Bul jerden adamdar oto ele kop otot go.Bul surottogu jer kara goo degen ashuunun ustu da.Bul jerde moncho emes magazine jok mumkun bolso taktap koiunuzdarchy
0
orozali.krg
2016-10-24 21:44:35
Булар жалалабадга жоо жоногон окшойт, болбосо ашууда бале барбы
0
muhsina
2016-10-25 01:13:00
Бул жерде башка нерсе бар окшойт го....? Ашуудан жөө ашып мончого барышабы? Ошол иштеген айылында мончо жокпу?
0
nizami
2016-10-28 19:22:22
Бул жерде бир нерсе табышмак сыр барго, булар качып шордуулар суука тонуп олушуптур?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан