Екатеринбургда Кыргыз мамлекетинин жараны жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылган

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жараны жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Екатеринбургдагы соода борборлорунун биринде иштеген кароолчу аялдардын дааратканасынан чырылдаган үндү уккан. Ал дааратканага кесиптеши менен киргенде 22 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн жараны төрөп, жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылып жаткан. Ал аталган соода борборунун кызматкери экендиги аныкталган. Кароолчу "Тез жардам" кызматын чакырып, ымыркай жана энеси төрөт үйүнө жеткирилген.

"Ооруканадан билдиришкендей, ымыркай мөөнөтүнөн мурда, 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн. Учурда Кыргыз мамлекетинин жараны кызынан баш тартууда. Полицияга бул окуя боюнча арыз түшкөн эмес, бирок кызматкерлер иликтөө ишин жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
anar8672
2016-10-25 13:33:18
Атасы кайда экен наамыстан корксо керек да кандай болсо да мындай кылган туура эмес .Эркекке да куноо коюш керек мындай ахвалга салган Эри эмеспи .Мындай маалда аялдын акылын ченебегиле
-3
Revolyutsiya
2016-10-25 13:43:32
anar8672, эри болсо аялынын кош бойлуу экенин билмек да. Бул келин ХХХ ХХХ ХХХ Сураштыра келсен ал никеси жок же куйоосу болгон болсо аны Кыргызстанга таштап Россияда "ойноп" жургон женил ойлуу болгон болот. Эми кыздар женил ойлуу журсо эркектерде эмне айып?!! Аларды туз жолго чакырып "тарбиялык саат" откон "патриоттор" деги жакпаса. Лучше тарбия бере албаган ата
+2
admin_portal
2016-10-25 14:04:12
Revolyutsiya, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
-2
azia9393
2016-10-25 13:37:01
Жараткан Алла озу кечирсин...ишенууго кыйын бирок чындык кечээтен бери соз болуп атат,ошол соода борборунда иштеймин мен дагы...Аллахым жаш уул-кыздарыбызга ыйман бере кор...
+2
momun74
2016-10-25 13:37:38
ойлонгула эркекер кыздар 5 муноттук жыргал ушундай трагедия мн аяктайт олгондон сон акырет деген бар
+2
nurzada78
2016-10-25 14:18:42
Кудайым ыйман берсин кыз-келиндерге!
+2
admin_portal
2016-10-25 16:05:56
Revolyutsiya, порталдын эрежелерине ылайык:
1.Колдонуучу сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
Порталдын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү!
-4
Bubu88
2016-10-25 16:29:33
Бул окуяга дагы бийликтегилер күнөөлү деп албагыла
-3
momun74
2016-10-25 18:56:56
Bubu88,туура айтасын бизде созсуз куноону бироодон издеш мода бул жолу имамдар куноолу болуп атат даны жакшы Чубак ажы куноолу дешпеди
-3
kanykei95
2016-10-25 17:19:56
кызы да баласыда озун туз алып жургондо гана ушундай окуялар болбойт, ошол жерде иштеп бирок бугун уктум тооба кылайлы
+1
gulperi.kg
2016-10-25 18:34:38
Баланын жытына зар болгур.
+2
momun74
2016-10-25 19:00:40
Андай дейсинер мындай дейсинер ошол адамдар эмне ак эмне кара бир жакшы билишет билип туруп кылышат эмне анчалык эле динден тушунугу жок болгудай дундук эмесда
+1
strelok
2016-10-25 19:16:13
Ээхх аябай окунучтуу байкуш куноосуз наристе,акмак кыз десе Эми кантип жашайсын жер жузундо,чет олкодо жургон кыздар акылынарга келгиле уят!ХХХ!
0
admin_portal
2016-10-26 11:59:42
strelok, этика нормаларын сактаңыз!
0
strelok
2016-10-25 19:17:32
Бироого зар бироого кор дуйно экен да.
+1
bekchan77
2016-10-25 20:34:33
Озунорду кармасанар боло кыздар.анчалык чыдабасанар бойго бутурбоочу заттарды колдонсонор боло.мен бул кыз оз баласына жакшылык кылбагандан кийин башкага да жакшылык кылбайт.мындайлар оору жугузушу мумкун же бир уй булону бузушу мумкун.мындайларды жоопко соссуз тартыш керек.мумкун буга чейин да тороп олтургондур
0
alina79
2016-10-26 00:12:13
Туугандар баарынар эле торогон кызды куноолоп салыпсынар да.Ал эмне кулго оонап тороп коюптурбу?Бул жерде "эркек"деген неме да катышып жатпайбы?Ошол кыз эле эмес эркеги деле 2-3муноттук нерсеге азгырылып жатканда ал деле ойлонбойбу,боюнда болуп калса эмне болот деп,так что бул жерде экоо тен куноолуу.Кыздыкы да туура эмес баласын олтуром дегени,лучше тороп бироого берип салбайбы?Жогоруда айтып атпайбы бироосу Кыргызстандын гостиницаларында бут эле ойноштору менен келишет,толтура деп .
+1
Slesa
2016-10-26 00:12:55
Эсин барда этегинди жап дейт. Рас этегинди жабалбай анырайтып ачып бердинби эми жыйынтыгына чыда.
Эми омур бою туйшугун тарт ар баланды коргондо унитаз эсине келип псих болуп бутосун. Кийин айтпады дебе)
0
alina79
2016-10-26 00:19:34
Демек буга ошо "ойнош эркек"соройлор да куноолуу деп ойлойм.Деги ар бир мусулман инсанга ыйман,ынсап берсин,жаман жолдон алыс кылсын кудайым!Арсар,арасат балдар торолбосун ылайым,ар бир ымыркайдын суйуп ,ооп жыттай турган ата энеси болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан