16 жаштагы мектеп окуучусунун студент кыздар тарабынан сабалышы иликтенүүдө

16 жаштагы мектеп окуучусунун төрт студент кыз тарабынан сабалышы иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу арыз келип түшкөн. Ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.

Буга чейин интернет колдонуучу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган. Анда 16 жаштагы мектеп окуучусун 20-21 жаштардагы Алтынай, Мээрим, Айгерим, Малика аттуу студент кыздар сабап салышканы айтылат.

Билдирүүдө: “Окуя 21-октябрь күнү болгон. Анда Алтынай, Мээрим, Айгерим, Малика аттуу студент кыздар 16 жаштагы мектеп окуучусун Лексус LX 470 үлгүсүндөгү унаага күчтөп салышып, Бөкөнбаев менен Манас кең көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосуна алып барышкан. Ал жакта Алтынай окуучу кызды сабап, калган үчөө кармап турушкан. Буга Алтынайдын 5 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити менен жабырлануучунун сүйлөшкөнү себеп болгон. Учурда окуучу кыздын баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган. Бирок ал кыздар аталары баарын чечерин айтышып, коркутуп жатышат”, - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mongol1155
2016-10-25 12:28:53
О шумдугун кургур!Эмне балакет башталган?Буларды башкаларга сабак болуш учун,катуу жазалашса болмок.Бирок кыргызча эле бутуп калат го.
+8
Revolyutsiya
2016-10-25 13:07:58
Бийлик колумда болгондо жогорудагы кыздардын негизгисин 5 жылга кадимки эле абакка, 3 шеригин 2 жыл кадимки абакка кесип, ошол кыздарына тарбия бере албаган ата-энелерин иштеген кызматтарынан бошотуп, ар бирине 300 сааттан коомдук жумушка чыгууга окум кылмакмын. Болбосо уй камагы, акчалай штраф, условный жаза, тосмо арыз менен кылмыш иши кыскарды ж.б.деп байлар-чиновниктер мыйзамды айланып отуп жазадан кутулуп кетуудо. Бул иш дагы акыйкат таппайт, мени айтты дейсинер...
+8
Revolyutsiya
2016-10-25 13:22:52
Журналисттер жон гана макаланы жазып койбой, акыйкаттык орношун каалаганда, журналисттик иликтоо жургузуп тиги 4 кыздын толук аты-жонун, алардын чон кызматтардагы "мой папа самый сильный и решает все" деген "папочкалары" ким экенин жазып чыгышса жакшы болмок. Мындай корунуш биринчи же акыркысы эмес. Окунучтуусу мындай кылмыштын 1/10 гана адилеттуулук таппаса, калганы ошол бойдон калып кетуудо. Качан гана коомчулук чуу которгондо мындай иштер объективдуу иликтенип баштайт.
+8
surgeon777
2016-10-26 11:16:26
Revolyutsiya,4кыздын 2су Медакадемияда окушат экен.
+1
Bubu88
2016-10-25 16:02:38
Ошо талашта калган жигит тим эле асманда көкөлөп учуп жүргөндүр
+1
ozgeldi
2016-10-25 19:33:44
Илгери биз кыз талашып урушчу элек азыр тескерисинче го дагы 10-15 жылдан кийин кыздар уйуно келбесе болду жур айланып келебиз деп
+5
Psixolog_po_jizni
2016-10-26 11:37:58
ozgeldi,мен да көп уккан элем кыз талашып мушташкандарды, жигитин талашып сабаптыр эмне пайда чыкты жигит өзү тандамак өзүнүн жаман жагын көрсөтпөй жөн жүрө берсе болмок. Келечектиги врачтарыбыз адам сакайтпай кайра сабап жатса... кыскасы кудай сактай көр
0
Khabib
2016-10-26 00:43:22
озгелди: ушундай эле болот европада уже ушундай
+1
nur_zhoni
2016-10-28 19:55:41
Аябай сулуу татынакай кыз экен
0
diana199898
2016-10-28 21:25:34
Мисалы Россияда мындай бейпаштык учун колонияга жиберилет кылмышкерлер,тем более они избили несовершеннолетнюю девочку.
Кыргызстанда акча менен эле жаап коюшат,им бы главное деньги.
Кыргызстандын онолушуна козум да жетпей калды уже.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан