Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары баштаган делегация Ош шаарына келди

Бүгүн, 26-октябрда “Достук автоунаа жолу” өткөрүү түйүнүнөн Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган 120дан ашуун адамдан турган топту вице-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Жеңиш Разаков, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана башка өкмөт мүчөлөрү баштаган расмий топ тосуп алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

"Иш сапардын алкагында Ошто бир катар маданий иш-чаралар, айыл чарба, азык-түлүк, өндүрүш жарманкеси уюштурулат. Ошондой эле Бабур атындагы драма театрда спектакль коюлуп, Ош шаарындагы жаш активисттер менен жолугушуулар болот. Соңунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, байланышты бекемдөө боюнча документтерге кол коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Достукту, ынтымакты бекемдөө максатында үстүбүздөгү жылдын октябрь айында биринчи вице-премьер-министр М.Абылгазиев баштаган 130 адамдан турган кыргыз делегациясы Анжиян шаарына барып, алакаларды жакшыртып, жакшы саамалыктарга күбө болуп келишкени айтылат маалыматта.

Өзбекстандык делегация Кыргыз жергесине келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adidas_91
2016-10-26 11:55:19
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык.
+13
nalukg
2016-10-26 11:59:57
Маанайлары беш ко. Демек дайардык жакшы Алга )))
+9
aikokul14
2016-10-26 12:04:16
Аябай коп келишиптир го,Оштун бюджети "ыйладыго"....Байкуштар Кыргызстанга келе алышпай буулуп турушкан экен да.
+16
arena2014
2016-10-26 13:27:11
Биздикилер оззззум жеп ойноп келемин деп 3,4 киши болуп барышат)))
+3
tynara81
2016-10-26 15:39:00
arena2014,биздикилер 130 киши барган экен, 3-4 эмес.
+5
taku88
2016-10-26 14:54:00
ушинтип келип ошту алабыз дебейби
-6
Dadasdasd
2016-10-26 15:08:51
taku88,ооба биздикилер да Андижанды алабыз деп барса бербей коюптур. Ойлонуп суйлосон.
+9
Maks_shop
2016-10-26 16:09:49
Азатбек келиптирго
0
suban78
2016-10-26 22:55:04
Оой озбек туугандар кош келгиле. Союз маалында бир туугандай эле жашачу элек ко. Келгиле чек араларды ачып, алаканы ондойлу. Террористтер кирет деп шылтоо кыла бересинер. Киришсе бизге киришет эле го, чек арабыз ачык эле Кудайга шугур тынч эле жашап жатабыз оо. Келгиле биригели баарыбызга жакшы го. Мен аялым менен помидордун кымбаттыгынын айынан урушуп журом салат жабалбай. Силерде деле эт кымбат болуш керек, мага окшоп бироо урушту да аялы жаман болсо.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан