Сузакта мергенчи кар көчкүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык жаңы курулуп жаткан Бишкек-Ош альтернативдик жолундагы тоннелге жакын жердеги Көк-Зоо жайлоосунда болгон.
"27-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында Сагын Тапаев аттуу жаран мергенчилик кылып жүрүп кар көчкүнүн астында калган. Окуя болгон жер Жалал-Абад шаарынан болжол менен 95-96 чакырым алыстыкта. Каза болгон жарандын шериктеринин айтымында, көчкүнүн узундугу 70-80 метр, туурасы 30-40 метр, бийиктиги 3-4 метрди түзөт. Алар кар көчкүдөн качып кутулууга үлгүрүшкөн", - дейт басма сөз кызматынын адиси Абдишарип Бекилов.
Кырсыкка күбө болгондор Сагын Тапаевди табууга аракет кылышканы менен, жыйынтык чыккан эмес. Саат 20:25 чамасында Таш-Көмүр куткаруучулар тобунун №2-издөө жана куткаруу бөлүмү кырсык болгон жерге бет алганы белгилүү болду.