Президент Көчмөндөр оюндарына 30 миллион доллар жумшалганына өкүнбөйт

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарына миллиондор жумшалганына өкүнбөйт. Бул тууралуу 28-октябрда студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземинде айтты. Кыргыз элинде жаңы дух пайда болгонун кыргыздын ырлары, тасмалары тастыктап жатканын айткан президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 30 миллион доллардын жумшалышы боюнча пикирин билдирди. Айтымында, аталган каражатка ипподром жана спорттук комплекс курулду, эл аралык иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнү - жетишкендик. Орусия президенти Владимир Путиндин Көчмөндөр оюндарын мактаганын мисал кылды Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан