Президенттин уулунун "Автомаш-Радиатор" ишканасы 6 айда бюджеттен 92 миллион сом алганы айтылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин баласынын "Автомаш-Радиатор" компаниясы 2016-жылы тендерлерден утканы үчүн мамлекеттик бюджеттен 92,5 миллион сом алган. Бул тууралуу "Акчабар" порталына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, быйылкы жылдын 6 айында мамлекеттик сатып алуулар боюнча 17 миллиард 530 миллион сомдук 12 176 тендер өткөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга бюджеттен 10 миллиард 265 миллион сом жумшалган. "Автомаш-Радиатор" бюджеттен ири суммада каржыланган 29 компаниянын ичинде 22-орунду ээледи.

"Автомаш-Радиатор" ЖЧКсы биздин баяндамадагы айыл чарба техникаларын ташып жеткирүүгө адистештирилген жалгыз компания. 92,5 миллион сомдон тышкары, 2016-жылдын 20-майынан 29-июнуна чейин Талас районун өнүктүрүү фонду компанияга жабдууларды капиталдык оңдоодон өткөргөн кызматы үчүн 39 миллион сом которгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына караштуу "Автомаш-Радиатор", "Автомаш-Энерго", "Автомаш-Экол" компаниялары бар. Президентке 2014-жылдын декабрында маалымат жыйынында "Уулдарыңыз далдалчы катары "Автомаш" ишканасы аркылуу электр энергиясын сатат деген кептин чын-төгүнүн айтып бересизби?" деген суроо берилгенде, өлкө жетекчиси "Автомаш" ишканасын уулу Сейит таза иштетип жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан