ӨКМ: Исфанада күйүүчү май ташыган унаа жол боюндагы 17 унааны сүзүп, анын төртөө жараксыз болуп калды

Исфанада күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, жол боюнда токтоп турган 4 жеңил унаа жараксыз болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11:30 чамасында жол кырсыгына кабылган оор жүк ташуучу унаа жол боюнда турган 17 унааны сүзүп, оодарылып калган. Натыйжада 20 тонна күйүүчү май төгүлүп, 4 унаа жараксыз абалга келген. 11 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, анын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган.

"Учурда кырсык болгон жерди райондук ИИБдин кызматкерлери курчоого алып, көзөмөлдөп турушат. Жол кырсыгынын себептери жана келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Күйүүчү май төгүлгөн жерди тазалоо иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Riokyrgyz
2016-11-03 17:27:56
Ашыкча чыгым болгон турбайбы.бечара.17 машинени кантип толойт.Дагы жакшы эч ким оор жабыркабаптыр
+10
temirov76
2016-11-03 17:40:49
Бүгүн өзү исфанада мал базар болуп унаа тыгыны болуп калчу.
+3
Alixan-Nookat.2015
2016-11-03 18:33:01
Ошол жерде базардын алды жол өтө тар ирээтсиз эле автоунааларды токтото беришет эки чоң унаа өтө албайт.
+1
Muratmipa
2016-11-03 19:26:29
Ошо машинени токтотуп койгон жакшы болду машине жок болгондо адамдарды басып калмак тормозу иштебей калып 5км жургон токтото албай
+2
aikokul14
2016-11-03 19:45:27
Багы жокко дагы жок деген ушу да,байкуш.Бироонун машинасын арендага айдаса керек бул шордуу.
+1
Miroslav
2016-11-03 20:31:30
Бензинби соляркабы аныда толотсо керекго бечарага.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан