Бишкекте 36 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу маалымат бүгүн саат 06:03 чамасында келип түшкөн. Анда 1980-жылы туулган аялдын 5-кичи райондогу №69-үйдөн кулап каза болгону айтылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон аялдын бутун темир түтүктөн чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.