Алматыда бизнес-борбордогу өрт кырсыгынан 6 жумушчу каза тапты

Алматыда бизнес-борбордогу өрт кырсыгынан 6 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт 6-ноябрь күнү саат 18:04тө башталган.

"Өрт тууралуу маалымат түшүп, ошондой эле 5 адам дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган. Өрт өчүрүүчүлөр дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзүп, 6-кабаттан күйүп калган 5 адамдын жансыз денеси табылган. Ага чейин дагы 1 адамдын күйгөн денеси табылган эле. Каза болгондордун баары өрт болгон имаратта оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Учурда алардын өздүктөрү аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкандар 6 кабаттуу имараттын чатырын оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан