Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 08:07 чамасында катталган. Анын күчү очогунда 4,5-5 баллга жеткен. Ош облусунун Өзгөн районунун Туз-Бел, Yч-Каптал айылдарында 4,5-5 балл, Чайчи айылында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 баллга сезилген.