Орусияда террорчулукка шектелип 10 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, террорчулукка шектелгендер 12-ноябрь күнү Санкт-Петербургдагы батирлердин биринен кармалышкан. Алар “Галерея” жана “Академпарк” соода борборлорунда жардырууну уюштурууну пландашкан. Ошондой эле батирдин ичинен автомат, тапанча, жардыргыч заттар табылган. Кармалгандар Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болушкан.