Кытайда Кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү кызуу өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге кыргыз делегациясы менен барган алып баруучу Нурсултан Майназаров билдирди.
"Кытайдын борбор калаасы Пекин шаарындагы Чоң балет театрында Кыргыз маданиятынын күндөрүнүн ачылыш аземи болду. Кытай Элдик Республикасынын Маданият министринин орун басары Динг Вей мырзанын куттуктоо сөзү өзгөчө болду. Ал байыркы тарыхыбызда кытай-кыргыз эли тыгыз байланышта болгонун, кытай эли дүйнөгө белгилүү "Манас" эпосун жакшы билерин, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанышарын билдирди. Ошондой эле кытайлардын биздин Айтматовдой белгилүү жазуучусу бар экенин, ал кыргыз өлкөсүндөгү Суяб деген жерде төрөлгөнүн да айтып өттү.
Бул жактагы кыргыз делегациясынын катарында "Камбаркан" тобу, "Ак марал" бий ансамбли, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, дирижёр Рысбек Жумакунов, комузчу Самара Токтакунова, опера ырчылары, манасчы Замир Баялинов, концерттик программаны жетектеген Эрмек Муканбетов, кыргыздын ийилчээк кызы Аида Акматова жана башкалар бар. Саламат Садыкова популярдуу кытай ырын ырдап, кытай көрүүчүлөрүн таң калтырды. Кызыгы, мени менен чогуу маданий кечени алып барган Лии Шии Янг 10 жылдан бери армияда кызматта экен", - дейт
Н.Майназаров.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда башталган маданий иш-чара Пекин, Гуанчжоу шаарларында 17-ноябрга чейин уланат.