Түштүк Кореяда президенттин отставкасын талап кылган ири митингдер өтүүдө

Түштүк Кореяда президент Пак Кын Хенин отставкасын талап кылган ири митингдер өтүүдө. Соңку массалык нааразычылык өткөн ишембиде Сеулда өтүп, жүз миңдеген жарандар борбор шаардын көчөлөрүндө жүрүш жасап, президенттин резиденциясынын алдына чогулушту. Ушул эле убакта Сеулдун башка аймагында президенттин тарапташтары уюштурган митинг да өттү.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанган. Өлкө лидери телеканалдар аркылуу элинен кечирим сураган, бирок жарандар анын отставкасын талап кылышууда. Буга чейин президенттин отставкасын талап кылган 3 митинг өткөн.

Цой Сун Силде мамлекеттин жашыруун документтери менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болгону жана президенттин кадр саясатына таасир эткени ММКларда айтылып келет. Мындан тышкары ал бизнес тармагынан түшкөн 70 миллионго жакын долларды өзүнө чегерип, чет өлкөдөн кыймылсыз мүлк сатып алганы жөнүндө да маалымат тараган. Цой Сун Силь учурда камакта.

Түштүк Кореянын президентине каршы ири митингдер өтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан