Акыркы 10 айда Бишкек шаарында коомдук унаалардын катышуусунда 95 жол кырсыгы катталган

Акыркы 10 айда Бишкек шаарында коомдук унаалардын катышуусунда 95 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 98 адам жабыркаган. Ал эми өткөн жылы 10 айда катталган 145 жол кырсыгынан 3 адам каза таап, 185 адам жабыркаган.

"Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна көп учурда телефон менен сүйлөшүү, унаадан ашып өтүү, жүргүнчүлөр менен алаксып калуу сыяктуу нерселер себеп болууда. Айрым учурларда тормозду дароо басып токтошот. Анын кесепетинен колу-бутун сындырып алган жүргүнчүлөр да болгон", - дейт Таалай Бугубаев.

Буга чейин жол эрежесин бузган кичи автобустун 18 айдоочусу жол эрежелери боюнча сынак тапшырып, бири да өтпөй калганын жазган элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан