"Супер сулуу-2016" сынагынан фоторепортаж

9-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жылдын "Супер концерти" болуп өттү. Концерт көптөгөн кызыктар, мегахиттер, дуэттер жана сулуулар сынагы менен коштолду. Сынактын шартына ылайык, кыргыздын кымча бел сулуулары 4 тапшырма боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сулуулардын талантына "Beeline" компаниясынын каржы боюнча директору Тилек Акматов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, шоумен, ди-джей Алтын Камчиев, "Сайма телеком" компаниясынын каржылык директору Дамира Кебекова, "Азия банкы" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Алдаяров, "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү Усен уулу Аскар, стилист, дизайнер Замира Молдошева, ММКларды колдоо борборунун өкүлү Бакыт Дыйканов, “Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбай кызы, "Тумар" радиосунун жана телеканалынын директору Алексей Сидоров, "Азаттык" үналгысынын жетекчиси Султан Каназаров, "Нуртелеком" компаниясынын өкүлү Улугбек Ахмедов баа берип жатты.

Алгач катышуучулар тааныштыруу тапшырмасында өздөрү, хоббиси, жашоодогу максаты тууралуу кыскача айтып, сынакка катышып жаткандыгынын себептерин түшүндүрө кетишти. Андан соң "Jeans style" көрсөтмөсү болуп, кыздар подиумдан өтүштү.

Сынактын кульминациялык учуру чыгыш бийин бийлөө болду. Алгач 16 сулуу топ менен бийлеп, андан соң ар бир катышуучу урма аспаптын коштоосунда соло бийледи. Кыздардын бийин залдагы эл суратпай кол чабуу менен коштоп турду.

Эң соңунда кече көйнөктөрү көрсөтүлдү. Катышуучулардын SUPER.KG порталына жайгаштырылган видеолорунун арасынан көп каралып, жылуу пикирлерге ээ болгон Аида Карабаевага редакциялык чечимдин негизинде "SUPER.KG ажары" наамы тапшырылды. Андан соң калыстар тобунун добушу менен "Сымбаттуу сулуу" наамы Алтынай Эмилбековага, "Ажарлуу сулуу" наамы Айзада Абанбековага ыйгарылды. Ал эми "Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды. Ага таажыны "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева кийгизип, "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова Бали аралына жолдомону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Bakyt813
2016-12-12 22:36:59
Бикини коргозмосу жоктугуна аябай суйундум!
+3
Umnitsa
2016-12-12 23:33:55
Кайран элим кайда баратабыз?
+8
Tahmina.Musaeva
2016-12-13 00:01:03
Женишти буларга эмес, ушуларды жасап койгон визажисттерге бериш керек экен. Ушул сынакка "бетти жууп чыгуу" номерин кошуп койгондо сонун болмок.
+14
u.n.m
2016-12-13 00:04:32
Сыыыр дейбиз дегендей эле тушуптур го, слишком
0
Stervashka
2016-12-13 00:20:12
ХХХ го, бирок озуно жарашып сулуу экен. Молодец бул да болсо жашоонун бир манызы.Женишке татыктуу эле кыз алыптыр.
+1
admin_portal
2016-12-13 10:47:23
Stervashka, этика нормаларын сактаңыз!
0
Barca7073
2016-12-13 03:04:29
Алтынай Эмилбекова утса керек дедим эле акырына чейин. Чынында сымбатту сулуу кыз
+1
nurizaa
2016-12-13 03:23:28
Баары эле сонун болуптур! Кыргызымдын кыздары баары эле супер сулуу ар ким озуно дегендей мен дагы озумдун жолдошум уч уулум учун суппер сулуумун)))! Бирок Аида утса сонун болмок ошол кыз без макияжа деле аябай сулуу болчу! Баардык кыздарга ийгилик келечекте коп нерселерге жетишсин!
+1
ariet.kaary90
2016-12-13 05:16:29
Ээ Алла биз кайда баратабыз, Чындыгында Алла силердин сулуулугунарга жана байлыгынарга карабайт, журогунорго карайт.
+4
Targarien
2016-12-13 05:39:43
Кара менен боегон коздун устуно былжыратып жылтыракты шыбап коет кыздарга ушу визажисттер бузуп коесунар да ашыкча боеп
+3
admin_portal
2016-12-13 09:30:11
Blackmoon, Anuca, islam.akimov.kg, Rawka, Magusi, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
admin_portal
2016-12-13 09:31:18
adyl.xxxxx, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Brendi_mega
2016-12-14 12:58:33
Бактыгүл татыктуу эмес болчу. Роза Алтаирова алыш керек эле
0
Brendi_mega
2016-12-14 13:01:12
Менин оюмча жогоруда аталган наамдардын татыктуусун бир гана Айзада Абанбекова алды. Ал сымбаттуу да, ажарлуу да, super.kg ажары да, "Супер сулуу 2016" да боло алат. Роза Алтаирова да
0
Brendi_mega
2016-12-14 13:14:57
Бактыгүл татыксызсың
0
Brendi_mega
2016-12-17 17:20:24
кайсы ХХХ андан корок Роза Алтаирова утуш керек болчу
0
admin_superstan
2016-12-17 19:08:15
Brendi_mega, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан