Германиянын борбору Берлин шаарында 19-декабрда теракт болуп, акыркы маалыматтар боюнча 12 адам каза тапты. Жаракат алгандардын саны 48 экенин чет элдик ММКлар жазышты. Арасында оор жаракат алгандары да бар.
Майрамдык жарманке уюштурулуп, адамдар көп чогулган жерди оор жүк ташуучу унаа аралап кеткен. Айдоочу кармалып, жанындагы шериги окуя учурунда каза болгон.
Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер окуя терроризм менен байланышы болушу мүмкүн экенин билдирип: "Муну теракт деп атоого жетиштүү негиздер бар", - деди.