Жыл аяктап, көптөгөн массалык маалымат каражаттары окурмандарына сүрөтчүлөрү тарабынан тартылган мыкты сүрөттөрүн тартуулашууда. Сүрөттөр көркөмдүүлүгү, кооздугу менен айырмаланбаса да, элдин көңүлүн коомдогу көйгөйлөргө буруу же жыл ичинде болгон тарыхый окуяларды чагылдырганы менен эсте калары айтылат.
Жакында эле Эл аралык "Reuters" басылмасы жылдын мыкты делген сүрөттөрүн жарыялады. Анда АКШнын учурдагы президенти Барак Обаманын профессионал бийчи менен танго бийлегени, атактуу боксчу Мухаммед Алини акыркы сапарга узаткан күйөрмандарынын сүрөттөрүн, деги эле 2016-жылда болгон түрдүү окуялар чагылдырылган сүрөттөрдү көрүүгө болот. Айрым сүрөттөр окурмандарды кош көңүл калтырбайт.