Түркиянын Анкара шаарындагы Орусиянын элчилиги жайгашкан көчөгө Орусиянын Түркиядагы элчиси, маркум Андрей Карловдун ысымы ыйгарылат. Мындай билдирүүнү бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чевушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада болгон жолугушуусунда айтты.
Белгилей кетсек, Сергей Лавров буга чейин Орусиянын Түркиядагы элчисинин атылып өлтүрүлүшүнө "жүзү каралык менен уюштурулган террордук акт" деген баа берген.
Эске салсак, кечээ, 19-декабрда Анкарада жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында элчи Андрей Карловду полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкер атып өлтүргөн.