Кечээ, 21-декабрда Ооган Ислам Республикасынан делегация келди. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Памир кыргыздарынын балдарынын Кыргыз жергесиндеги окуусун жакшыртуу маселелерин талкуулоого Ооганстандан делегация келди. Делегацияны Бадахшан аймагынын губернатору Ахмад Файсаль жетектейт", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун алкагында делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов менен жолугушат.