Бразилиялык футболчу, "Челси" футболдук клубунун жарым коргоочусу Оскар кытайлык "Шанхай Теллэйс" клубу менен келишим түздү. Трансфердин суммасы 65 миллион еврону түздү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчуга аталган клуб жылына 20 миллион евро маяна төлөп берүүгө даяр. Учурда жаш футболчулардын карьерасын жыйыштырып, акча табуу үчүн футбол өнүкпөгөн өлкөлөрдө ойногону футбол адистери тарабынан сынга алынып келет.
Кошумчалай кетсек, Оскар "Челсинин" курамында 4,5 жыл ойногон. Клубду италиялык Антонио Конте машыктырып баштагандан тарта футболчу майданга чыкпай калган.