Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын президенттери 24-декабрда Самаркандда расмий сүйлөшүү жүргүзүштү.
"Сиз бүгүн Өзбекстандын биринчи президентин эскердиңиз. Ислам Абдуганиевич силер акыркы жолу кантип сүйлөшкөнүңөрдү айтып берген. Ал сентябрда сөзсүз Бишкекке барарыбызды айтып, мага даярданууну буюрган. Анын айткандарынын баарын аткарышыбыз керек. 3 ай ичинде силердин делегация бизге келди, биздин делегация силерге барды. Эки элдин ортосунда көп позитивдүү окуялар болду, эки тарап тең көпкө ушуну күткөн", - деген президент Шавкат Мирзийоев Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын кызматташтыгын биргелешип жандантууга мүмкүн экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2010-жылкы Июнь окуяларында көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстанга ыраазычылык айтып, Мирзийоевди президент болуп шайланышы менен куттуктады. Ар бир доордун өз лидери болорун белгилеп: "Сиз Өзбекстан эли күткөн лидерсиз. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү этабы бүттү, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөрдү жана маанисиз тоскоолдуктарды алуу керек", - деди.
Атамбаев бир мезгилде өлкөлөр ортосунда чек ара болбогонун айтып: "Жарандар чек араны сезбеши үчүн биз баарын жасашыбыз керек", - деп кошумчалады. Өзбекстандын президентин Кыргыз өлкөсүнө иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.