"Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кениндеги иш планы боюнча 2017-жылга карата уруксаттарды алганын билдирет

Торонто, Канада, 29-декабрь, 2016-жыл: "Центерра Голд Инк." компаниясы Кыргыз Республикасындагы "Кумтөр" ишканасы 2017-жылга карата кендеги иш планы боюнча бардык керектүү уруксаттарды жана макулдуктарды алганын билдирет. Аталган уруксаттар менен макулдуктар кен ишканасында келерки жыл бою жарактуу.

"Кумтөр" Борбордук карьер менен Сарытөр тилкесинин Атайын долбооруна өндүрүштүк коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен 2017-жылга экспертизасын алды. Андан сырткары "Кумтөр" Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен (КТЧКжТЧ) Борбордук карьер менен Сарытөр тилкесинин Атайын долбооруна 2017-жылга карата экологиялык экспертизасын алды. Андан сырткары КТЧКжТЧ мамлекеттик агенттиги 2017-жылга карата калдыктарды жайгаштырууга уруксат, атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга уруксат жана чыгаруулардын чектелген нормативдеринин долбоорун макулдашты.

Ошентип, "Кумтөр" 2017-жыл бою тоо-кен иштерин аткарууга бардык макулдашылган долбоорлор менен уруксаттарга ээ. "Кумтөр" жаз мезгилинин келиши менен туюк каптан агындыларды төгүп турат, андыктан агындыларды төгүү үчүн уруксат алууга кайрылмакчы жана ал уруксаттарды иш тартибинде жаз мезгили башталганга чейин алууну көздөйт.

«Центерра» компаниясы жөнүндө: "Центерра" - Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгө, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын өндүрүүчү компания. Ал Борбор Азиядагы алтын өндүрүүчү ири батыш компаниясы болуп саналат. "Центерранын" акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын башкы кеңсеси Канаданын Онтарио штаты, Торонто шаарында жайгашкан.

www.centerragold.com

www.sedar.com


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baiyshvip
2016-12-30 11:37:34
Кумтордун Башкы имараты Бишкек шаарында жайгашкан деп окуп калсак жакшы болор эле!!!Кумторду озубузго откорушубуз керек!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан