Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү болууга 2 кадам жетпей калды (жаңыланды)

Кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн, 31-декабрда өткөн орусиялык "Голос" музыкалык сынагынын финалында жеңүүчү болууга болгону 2 кадам жетпей калды.

Долбоордун финалы азыркы маалда популярдуу болуп жаткан "Манекен чэлленж" флешмобу менен башталып, алып баруучу Дмитрий Нагиев ачты. Андан соң 4 финалчынын ыры менен уланды. Кайрат Примбердиев "02" номери менен чыкса, анын атаандаштары Сардор Милано биринчи, Александр Панайотов үчүнчү жана Дарья Антонюк төртүнчү болуп чыгышты.

Финалдын алгачкы бөлүгүндө ар бир финалчы насаатчысы менен дуэт ырдады. Кайрат Примбердиев жана насаатчысы Дима Билан "Trouble" аттуу ырды ырдашты. Айта кетсек, Дима Билан Кайрат Примбердиевдин үнү өзгөчө экенин белгиледи. Экинчи бөлүгүндө катышуучулар жеке номерлери менен чыгышты. Кайрат Примбердиев Александр Градский аткарган Александра Пахмутованын "Как молоды мы были" ырын ырдады.

"Мен долбоорго катышууга билдирме жиберип жатканымда эле финалды элестеткем. Финал менин кыялым болчу. Каалооң күч болсо, аткарыларына ишенем. Сахнага чыгардан мурун ар дайым Кудайдан жеңишке жеткирүүсүн суранам. Ал үчүн мен күйөрмандар ишенгидей ырдап, добушун алышым керек", - деди Примбердиев өз сөзүндө.

Күйөрмандардын тандоосу менен үчилтикке Дарья Антонюк, Александр Панайотов жана Кайрат Примбердиев кирип, Сардор Милано көрүүчүлөрдүн катарын толуктады.

Финалдын үчүнчү бөлүгүндө Кайрат Примбердиев Жо Кокердин "Unchain My Heart" ырын ырдап, тилекке каршы, жетиштүү санда добуш ала албай, долбоордун жеңүүчүсү аталбай калды.

Өз сөзүндө ырчы насаатчысына, жакындарына, апасына, жубайына жана аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми жеңүүчү деп Дарья Антонюк табылып, 1 миллион рубль жана статуэтка менен сыйланды, калган катышуучулар 100 миңден алышары белгилүү болду. Долбоор финалчылардын "Жить" ырын аткарышы менен жабылды.

Кайрат Примбердиев менен Дима Билан «Trouble» ырын чогуу аткарышууда
Кайрат Примбердиев - Как молоды мы были. "Голос" долбоору
Кайрат Примбердиев - Unchain My Heart. "Голос" долбоору
Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунда биринчиликке жетпей калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (141)
Sagidko88
2016-12-31 09:45:28
Азамат Кайрат!!!!
0
kilim
2016-12-31 10:27:24
Орус оруска тартат да
-1
Izdeim_seni.
2016-12-31 10:31:54
Дээги эч нерсеге ыраазы эмес кыргыздар. Орус улутундагы адамдар деле аябай колдоштуиКайратты. Эми финалга чыкканы озу эле чон олжо го
+8
alhamdu
2016-12-31 10:44:48
Ошол орустардын колдоосу мн финалга чейин келди да, жуз пайыз болбосо да кооп эле орустар Кайратка берди добуш, закон ченемдуу эле корунуш. Азаматсын Кайрат!!! Биз сени мн сыймыктанабыз!!!
+5
meni_kut
2016-12-31 10:55:19
Кайрат мыкты маданият кызматкери десек жанылбайбыз.Мирбек Атабеков неге барбайт ушундай конкурстарга?
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-01-01 15:09:21
meni_kut, Атабеков коркот андай нерселерден, утулуп калса абийири тогулот да.
+2
GGggUUuuLLll
2016-12-31 12:39:22
Орустар озунукуно тартышса азия микс биринчи орунду алмак эмес..эмки жолу биздин Кайрат жеңет
+6
bema_bema
2016-12-31 13:38:26
Койгулачы тарткан жок добуш беруу бойунча добуш аз болуп калды, устудогулор айткандай Кыргызстанда жашаган баардык кыргыз добуш берсек дагы жетпейт болчу.
Уч симкартам бар эле учоонон тен добуш бердим,женип калса экен деп тилеп аттым эле))))
+1
mambo-1984
2016-12-31 14:03:17
Азаматсын Кайрат Таластын тарбиясы Султандын классташы алга сага
-6
GGggUUuuLLll
2016-12-31 14:15:36
Талас менен Султандын не тиешеси бар бул жерде..Вообще то Кайрат Оштун кулуну болот
+2
mambo-1984
2016-12-31 17:00:37
GGggUUuuLLll,Ал 3 ай кезинен эле Таласта чонойгон апасынын колунда атасы менен кийин эле табышкан Таластын тарбиясы менен ушул денгелге жети озунон сурасанда ошентип жооб берет
-6
meni_kut
2016-12-31 21:03:03
mambo-1984,болунбо кыргыз!
+3
daniel87
2016-12-31 15:27:54
Кайрат Сен биз учун уттун азаматсын Уй булоолук бакыт каалайм,коп жаша!Айланайын кыргызым эч качан Орустар биз кыргыздарды озуно тенешпейт,Орустардын арасында жашап билип эле калбадыкбы буларды!ошентсе да Айла жок кыргызга кыйын кезде поддержка кылып жатышат!орусияда улутчулдук ото курч масалелерден болуп саналат
-3
maks83
2016-12-31 20:08:04
мейли эми
-1
Sena
2016-12-31 20:12:06
Кайрат алга!!! Кара-Кулжадан чыккан Рыспай Абдыкадыровдун,Жолболду Алыбаевдин урпагы Кайрат талантына таазим!!! Биз сени менен сыймыктанабыз Кара-Кулжалыктар!!!
0
kani-esen
2017-01-01 14:21:08
Бир миллион рубль аз го.
Бир миллион рубль орустарга акча деле эмес да.Бир миллион рублге жонокой машина алышат.
0
jazy
2017-01-02 14:09:36
Азаматсын Кайрат 3 орун деле биз учун чоон сыймык чогу иштеген орус аял сенин жердешин экен деп жакшы ырдайт экен деп аябай кыргыздар орусча англисче жакшы ырдайт экен деп аябай таан калды Кайрат сага рахмат кыргыздардын данкын чыгарып кыргыздын желегин желбиретип журо бер биз сени менен сыймыктанабыз уйбулон менен бактылуу бол .Биздин чоондор кандай сыйлык беришет экен кресло талашпай ушуга окшогон таланттууларды колдоп койсо болмок
0
merim
2017-01-03 01:10:06
ЭЧ КИМДин голосу Кайраттыкына жетпеди!Кайрат азаматсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан