Коррупция боюнча маалымат бергендерди сыйлоо жөнүндө мыйзамга президент кол коюудан баш тартты

Коррупция боюнча атайын органдарга маалымат берип, кылмыштын бетин ачууга жардамдашкан адамдарды сыйлоо жөнүндө мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол коюудан баш тартты. Мыйзамда коррупция боюнча маалымат бергендерге ошол сумманын (пара катары берилип жаткан акчанын) 30 пайызын берүү нормасы бар эле. Маалымат берген адамдарды коргоо механизмдери да жазылган.

Президент мыйзамга кол коюудан баш тартышын минтип түшүндүрдү:

"Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди гана коргоону карайт. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген мамлекеттик эмес сектордо иштеген башка жарандарды, жумушсуздарды жана ардагерлерди бул мыйзам коргобойт. Демек, алар коррупционерлердин куугунтуктоолорунан коргоосуз калышат. Мыйзамда коррупция тууралуу билдирген адамга сыйлык (1 миллион сомго чейин) төлөө каралган. Бирок ушул күнгө чейин өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталган эмес. Ошондой эле бул мыйзамдын коррупция фактылары тууралуу билдирген чиновниктерди акчалай сыйлоо тууралуу нормасы жаңы коррупциялык каналдарды пайда кылышы мүмкүн".

Мыйзам парламентке кайтарылды. Демилгечилер эми андагы мүчүлүштүктөрдү оңдоп чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан