Өкмөт башчы Бишкек мэрлигине талапкер сунуштабайт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер сунуштабайт. Бул тууралуу ал 4-январда Бишкек шаардык кеңешине жасаган кайрылуусунда билдирди. Өкмөт жетекчиси демократиялык принциптерди өнүктүрүү, шаардык кеңеш депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана таза шайлоо өткөрүү үчүн өзүнүн талапкер сунуштоо укугунан пайдаланбай турганын айтып, шаардык кеңештин депутаттары татыктуу талапкерди тандап аларына ишенерин белгиледи.

"Борбор шаардын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрине талапкер сунуштоо укугу Бишкек шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалицияда, оппозициялык фракцияларда жана премьер-министрде бар. Буга чейин КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракцияларынан түзүлгөн коалициялык көпчүлүк шаар башчылыгына учурдагы мэр Албек Ибраимовду сунуштаган. Оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы да өз талапкерин сунуштап жатат.

Мэр шайлоо 11-январда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан