КҮНСЕРЕП: Бензин кымбаттоодо, Москванын көзүн кароодон башка арга жок

Бүгүн, 5-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы автоунааларды оңдоодон өткөрүү боюнча тендер жарыялап, жарыя 2016-жылдын 30-декабрында мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган эле. 11 унаанын тетиги жана оңдоо кызматы үчүн 7 миллион сом каралып, бул коомдо катуу сындалды. Акыры тендерди токтотууга аргасыз болушту. Бул окуя - бюджеттик акчаны ысырапкорчулук менен коротуу аракетинин дагы бир далили. Аталган ишкананын филиалы Хонда Одиссей унаасын оңдотууга 278 609 сом жумшоону көздөгөн (каржы порталында жарыяланган маалымат боюнча). Мындай үлгүдөгү унаанын базардагы орточо баасы учурда 3 миң доллар же 210 миң сомдун тегерегинде. Ал эми Ауди 100 унаасын оңдоого 163 миң сом каралып жаткан, бул унаанын баасы базарда 130-140 миң сом. Калган 9 автоунаа боюнча деле абал ушундай эле. Ошентип, тетик жана оңдоо иштерине жумшалчу каражат автоунаанын өз баасынан ашып түшүүдө. Бул аша чапкандыкты ишкана элге түшүндүрүп отурган жок, "тендерге документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 20-январында аяктайт" деген жарыя бир апта илинип турду. 100 миң долларга же 7 миллион сомго бүгүн сапаты жакшы Тойота Камри унаасынан 10 даана сатып алууга мүмкүн. Бул иште кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы бар деген сөздөр чындыкка жакын, кандай болгон күндө да салык төлөөчүлөрдүн эсебинен чогулган бюджеттик акчаны чиновниктердин ашкере үнөмсүз пайдалануусуна жол берилбеши шарт. Бул окуяны жарандык көзөмөлдүн жеңиши десе да болот. Тендер шылтоосу менен ири суммалардын чиновниктердин чөнтөгүнө кирип кетүүсүнө коомчулук бара-бара жол бербей баратат. Мындай ири сумманы олуттуу демилгелерге, мисалы, чырак менен отурган айылдарга электр жеткирүү ишине жумшоого да болот эле. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын абалы сүйүнөрлүк эмес. СССР маалында бул ишканада 2300 вагон бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 616сы гана калганын ишкана жетекчиси ырастаган. Жаңы вагон сатып алууга эми Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун акчасынан 10 миллион доллар алганы жатат. Негизи, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун акчасы өндүрүштү бутка тургузууга жумшалышы керек эле.

Мамлекеттин акчасын майда-барат иштерге ашкере чачуу фактылары биринчи жолу болуп жаткан жок. 2016-жылдын октябрында Мамлекеттик бажы кызматы 648 миң сомго кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Сатылып алынган сааттарды Жаңы жыл алдында Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берүү пландалган. Коомдогу катуу сындардан кийин тендерди токтотууга аргасыз болгон. Ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясы 6,3 миллион сомго жергиликтүү кеңештин депутаттарына алтын жалатылган төш белги жана кызматтык күбөлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Декабрда тендердин жыйынтыгы чыгып, жаңы 9000 депутатты "жасалгалоого" 6,3 эмес, 4,7 миллион сом жумшалары белгилүү болду. Бул кызмат үчүн азыраак акча сураган компанияны БШК чанып, сапаттуу жасайт деген шылтоо менен кымбатын тандады. Бул иштердин катарына Жогорку Кеңештин миллиондорду жумшап килем, депутаттарга жаңы кресло, Каржы министрлигинин планшет жана сууда сүзүү кызматтарын сатып алуу аракетин кошууга болот. Булар коомдук көзөмөлдүн, ММКлардын күчү менен элге жарыяланып кеткендери гана. Көпчүлүк билип-билбеген башка алып-сатууларга да миллиондор ысырапкорчулук менен коротулбай эле деген кепилдик жок...

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. 2016-жылдын ноябрында АИ-92 бензини 37 сомдон сатылса, декабрда 38 сомго көтөрүлгөн. 2017-жылдын 1-январына карата 39,5 сомдон сатылууда. Акыркы 3 айдын статистикасы бензин ай сайын 1 сомдон кымбаттап жатканын көрсөтүүдө.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын өсүшүн Орусияда мунай компанияларында баа көтөрүлгөнүнө байланыштырууда. Жыл сайын кыш мезгилинде күйүүчү майга суроо-талап азайып, баалар ылдыйлай баштачу. Быйыл, тескерисинче, баалар жайы менен туруктуу кармалып, кыш киргенде көтөрүлүп баратат. Ал эми коңшу Казакстанда, анын ичинде Бишкекке жакын жайгашкан Алматы шаарында бензиндин баасы Кыргыз мамлекетиндегиден 10-11 сомго арзан. Адистер муну Казакстанда мамлекет тарабынан бензиндин бааларына күчтүү көзөмөл бар экени менен түшүндүрөт, Кыргыз жеринде андай эмес. Көрүнүп тургандай, биздин өлкөдөгү баалар Орусиялык компаниялардын маанайына жараша болот. Убагында Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиянын мунай магнаттары Кыргыз жеринде монополистке айланганын, күйүүчү май тармагында атаандаштык түзүү зарылдыгын айтышкан. Азырынча альтернатива жок, расмий маалыматтар боюнча, өлкөгө күйүүчү майдын 80 пайызы 1 компания тарабынан алынып келинет. Казакстан деле Орусиядан 30 пайыздай күйүүчү май импорттойт, бирок өлкө ичинде тийиштүү шарттарды (ички темир жолдор, арзан салыктар жана башка) түзүү менен күйүүчү майлардын баасын бир калыпта кармоого аракет кылат. Өз аймагынан башка мамлекетке күйүүчү май чыгарбайт. Биздин өлкөдөгүдөй Баткен аркылуу Тажикстанга күнү-түнү бензин ташымай жоругу аларда жок.

Бензиндин кымбатташы ар бир кыргызстандыктын жашоосуна таасир этет. Бензинге шылтап өлкөдө азык-түлүктүн баалары көтөрүлүп баштаары тажрыйбадан улам белгилүү. Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары күйүүчү майды өлкөгө арзан жеткирүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги былтыр ЕАЭБдин алкагында транзит үчүн ички тарифтер колдонулушу керектигин, бирок дагы эле эл аралык тарифтер колдонулуп жатканын айткан эле. Бүгүнкү күндө деле ошол тарифтер иштеп жатат, 2016-жылдын соңунда Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусия жана Беларустан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча тарифтер арзандайт. Кыргыз жерине күйүүчү майлар дагы вагондор менен келери белгилүү. Бирок сүйүнүүгө азырынча эрте, транзиттик тарифтер арзандаганы менен, Казакстан жаңы коэффициенттерди киргизиши мүмкүн экенин SUPER.KG порталына өкмөттүн тийиштүү органынан билдиришти. Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү албай жаткан коңшулар бул жолу да жаңы тоскоолдук ойлоп табышса, Кыргыз жеринде импорттук товарлардын баасы өзгөрүүсүз калышы мүмкүн. Макулдашуу күчүнө кирип, жаңы тариф боюнча алгачкы товарлар өлкөгө кире баштаганда гана баары белгилүү болот...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан