Кара-Суу районунун Мады айылына каттаган кичи автобустун айдоочулары иш ташташты

Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына каттаган 20дан ашуун кичи автобустардын айдоочулары иш ташташты. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына Мады айыл аймагынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев билдирди.

"20дан ашуун кичи автобустун айдоочулары Ош шаардык мэриясына нааразычылык билдирип иш таштап, айыл аймагынын борборуна чогулуп турушту. Анткени жаңы автобустардын каттамы түзүлгөн соң алардын маршруттук каттамы кыскарып калган. Ош шаардык мэриясы бул маселени 11-январда карамай болуп жатат", - деп билдирди Олжобаев.

Маалыматка ылайык, Мады айыл аймагы Ош шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мады айылынан Ош шаарына каттаган кичи автобустар борбордук базарды айланып, андан соң студенттер шаарчасына чейин барышчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alpekova
2017-01-10 12:06:42
Ооооооо
0
MAKALAK
2017-01-10 13:04:51
мады эмес Курманжан датка го Мадыга 160 барат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан