7-январда Бишкекте "Дордой" жана канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубдары 2 жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Дордойдун" басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттештердин бири тең чыгуу менен аяктаса (1:1), экинчиси бишкектик клубдун жеңиши менен аяктады (4:0). "Дордойчулардын" машыктыруучусу Руслан Сыдыков бардык оюнчуларга мүмкүнчүлүк берүү үчүн команданы 2 топко бөлгөн.
Кошумчалай кетсек, учурда өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига тыныгууда. Мелдештин жаз айларында старт алары күтүлүүдө.