Бүгүн, 11-январда Бишкектин мэриясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар мэрликке талапкер Албек Ибраимовду шайлоодо моралдык колдоо максатында келишкенин айтышууда.
Айта кетсек, бүгүн шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрин шайлашат. Шайлоо жашыруун добуш берүү менен өтөт. Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөткөн. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер сунуштабай турганы маалым болгон. Саясий серепчилер "Бишкек мэрлигине талапкерлер Ибраимов менен Абдылдаев утулуп, үчүнчү талапкер жеңип чыгат" деген ойлорун айтышууда.