Кыргыз кинорежиссёру Индияда өтүүчү кинофестивалда калыс болот

Кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Дальмира Тилепбергенова 9-Эл аралык кинофестивалдын NETPAC калыстар тобуна кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынан бүгүн, 13-январда билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль 2-9-февраль күндөрү Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында өтөт. Ошондой эле фестиваль "Азия тасмалары", "Каннада тилиндеги тасмалар" жана "Индиялык тасмалар" сынактарынан турат. Жыл сайын Карнатака штатынын бийлигинин колдоосу менен өткөн кинофестивалга быйыл 50 өлкөдөн 180 тасма катышат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Бангалордо "Мыкты Азия тасмасы" аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан