Кыргыз кинорежиссёру Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында” фильми Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык фестивалда Азияда тартылган тасмалардын арасында мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда «Айтыш фильм» киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова маалымдады.
Анын билдиришинче, кинофестивалга Кыргыз Республикасы, Япония, Түштүк Корея, Шри-Ланка, Пакистан, Филиппин, Иран, Индия, Бангладеш, жалпысынан 12 өлкөнүн тасмалары көрсөтүлгөн.
“Иш-чаранын уюштуруучулары кыргыз киносу акыркы учурда өзгөчө популярдуу жана актуалдуу болуп жатканын белгилеп, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” жана Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильмдерин белгилеп өтүштү. Индия тарап мындан ары Кыргыз Республикасы менен бул жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди”,- деп айтылат маалыматта.