Бишкектеги "Сармерден" ресторанында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат саат 17:40 чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки унаа тартылып, саат 20:05те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, ресторандын пенопласт менен капталган 100 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт чыккан учурда имаратта эч ким болгон эмес. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт газ баллондун жарылышынан чыккан.