Бишкектеги Анкара-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сармерден" рестораны өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Өрткө каршы кызматына саат 17:40 чамасында өрт тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт башталганда ресторандын ичинде адамдар болгон эмес.