Бишкектеги учак кырсыгынан 20га жакын адам каза таап, 15 турак үй зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда кырсыктан улам чыккан өрт чектөөгө алынды.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган.