ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: Британиялык супермодель Кейт Мосс 43 жашка толду

Атактуу англиялык фотомодель жана актриса Кейт Мосс 43 жашка толду. Ал 1974-жылы 16-январда Лондондун Кройдон аймагында төрөлгөн. Моделдик бизнести 14 жашынан баштаган. Алгачкы жолу "Face" журна­лы­нын биринчи бетине чыгып, атактуулукка "Calvin Klein" мода үйү менен келишим түзгөндөн кийин жеткен. Ал 1990-2000-жылдардагы эң көп акча тапкан моделдердин бири катары белгилүү.

Британиялык сүрөтчү Марк Куинн Кейт Мосстун урматына таза алтындан "Сирена" деп аталган статуя жасаган. Ал Британиядагы музейде башкы экспонат катары сакталуу. Модель "Coty" фирмасы менен кызматташып, ал "Kate" деген атырды чыгарган.

1990-жылдардын ортосунда Кейттин гонорары күнүнө 10 миң долларга чейин өскөн. Ал эми 21-кылымдын башында белгилүү моделдер Синди Кроуфорд жана Наоми Кэмпбелл менен бир катарда турган. Ал жөнүндө китептер жана киного сценарийлер жазылган. "Форбс" журналынын версиясы боюнча Мосс топ-моделдердин арасында байлыгы жагынан Жизель Бюндхенден кийинки орунду ээлеген.

2011-жылы 1-июлда Кейт гитарист Жейм Хинс менен баш кошкон. Ага чейин модель Марио Сорренти, Жонни Депп, Пит Доэртилер менен сүйүү мамилелерин курган. Ал эми Жефферсон Хэк экөө 2002-жылы Лила Грэйс аттуу кыздуу болушкан.

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан