Орусиянын чемпиону болууга аракет жумшап жаткан "Спартак" футболдук клубу курамын 2 футболчу менен күчтөндүрдү

Учурда футбол боюнча Орусиянын Премьер-лигасы убактылуу тыныгууда. Чемпиондукка олуттуу кадам таштаган "Спартак" клубу курамын күчтөп жатат. Орусиянын чемпиондугунда учурда 17 турдан кийинки көрсөткүч боюнча "Спартак" 40 упай менен лидерлик сапта келүүдө. 2-орундагы "Зенитте" 35, ЦСКАда 32 упай бар.

Команда акыркы кездерде "Локомотивде" ойноп келген Александр Самедов менен келишим түздү. 32 жаштагы футболчу кезинде дал ушул "Спартакта" тарбияланган. Ал "Москва" жана "Динамо" клубдарында да ойногон.

Буга катар команданын италиялык машыктыруучусу Массимо Каррера италиялык "Миланда" ойноп келген Луис Адрианону курамга чакырды. 29 жаштагы футболчу менен келишим 3,5 жылга түзүлдү.

Адриано "Миланга" чейин украиналык "Шахтёрдун" курамында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан