16-январда орун алган авиакырсыктан улам Кыргыз Республикасында 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыяланып, өкмөт тарабынан бул күнү бардык ишканаларга мамлекеттик желектерди түшүрүү боюнча эскертүү берилген.
Окурманыбыз SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, маданий жайлардын катарын толуктаган "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда желек түшүрүлбөгөнүн айтты.
Эртең менен "Росснефть" май куюучу жайы желектерди түшүрбөй жатканын окурман маалымдаган. Аталган ишканага байланышканыбызда желектердин түшүргөнүн билдиришкен.