Кыргыз Республикасында өсүмдүк майын чыгарган бир дагы ири завод жок. Бул тууралуу 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Май өндүрүү менен өлкөдө чакан цехтер алектенип жатышканы айтылды. Мындан тышкары өлкөдө ири эт комбинаты дагы жок. Кумшекер өндүргөн 1 завод - Кайыңды кант заводу иштесе, сүт өндүргөн 12 завод бар экени маалымдалды.
Бул маалыматтардан кийин депутат Максат Сабиров Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу курч маселе экенин белгилеп, курттаган ун окуясын мисал келтирди. "Жакында элге курттаган ун таратылганы аныкталды. Болгондо да бул ун Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан табылып отурат", - деп өкмөттү сындады.