2017-жылдын 16-январь күнү эртең менен болгон учак кырсыгы жалпы кыргыз элин кайгыга салды. Гонконгдон жүк жүктөп келе жаткан учак бир заматта айыл элин дүрбөлөңгө түшүрүп, бир канча турак үйдү жер менен жексен кылып кетти. Таттуу уйкуда жаткан канча адам уранды алдында о дүйнөгө кете берди. Каза болгондордун арасында 33 жаштагы Азамат Дербишалиев жана анын 32 жаштагы аялы Наргиза Жумаканова, 5 жаштагы баласы Актан Абакиров, 4 айлык кызы Раяна Абакирова да бар. Бүгүн, 18-январда аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Сокулук районунун Манас айылында болду. 5 жашар Актан атасы менен, 4 айлык Раяна апасы менен чогуу жерге берилди. Бул үй-бүлөнүн артында тукумун улаар жалгыз гана 7 жашар Султан калды. Учурда ал чоң ата, чоң энесинин колунда.
Маркум Азамат Дербишалиевдин бир тууган бөлөсү Эрнис Жумаалы уулунун айтымында, учак үйдү түп орду менен сүрүп кеткен.
"Мен Азамат байкем менен дем алыш күнү кечинде жумуш боюнча сүйлөшкөм. Эртең менен чалсам телефону өчүк, жеңемдики болсо албайт. Бир тууган инисине чалсам ал суук кабарды угузуп жатпайбы. Жеңемдин жансыз денесин кызын кучактаган абалда кошунанын үйү жактан табышты. Ал эми байкем менен Актандын дене мүчөлөрү бир канчага бөлүнүп кетиптир. Айла жок, кырсык деген кырсык экен, жоктоп кала бердик... Азамат Дербишалиев жөнүндө айтсам, аябай так адам эле. Жумушка барам десе барат, барбайм десе барбайт болчу. Артында ата-энеси, бир баласы калды", - дейт Эрнис Жумаалы уулу.
Ал эми Султандын чоң атасы Рахат Сыдыков небересинин кандайча аман калганын төмөндөгүчө айтып берди:
"Эртең менен апасы тамагын берип, кийинтип мектепке барчу балдарга кошуп жиберген. Андан көп убакыт өтпөй эле учак кырсыгы катталган. Султандын айтымы боюнча, окуяга мектепке барчу балдар менен чогуу күбө болгон. Кийин кичи автобус келип мектепке алып кеткен. Учурда менин колумда. Азамат кесиби боюнча ширетүүчү болчу. Жумушка тың, ак көңүл жигит эле. Келиним Наргиза "Кут билим" гезитинде корректор болуп иштеп жүргөн. Көз жаргандан кийин кызын карап үйдө отурчу".
Таң эрте болгон учак кырсыгы жалпы 38 адамдын өмүрүн алды. Алардын арасында экипаждын 4 мүчөсү да бар. Ошондой эле 15 жашка чыга элек 17 өспүрүм кайтыш болду.
Кечээ уранды алдында калган дагы бир үй-бүлө жерге берилген. Бул үй-бүлөдөн жалгыз гана 7 жаштагы Жакшылык аман калды. Ал эми атасы Уларбек, апасы Акмарал жана карындаштары Сабина менен Аида уранды алдында калышкан. Учак кырсыгынан каза болгондордун арасында маркум Санжар Осмоновдун үй-бүлөсү да бар. 17-январда Санжар Осмонов, анын кош бойлуу жубайы, 1 кыз, 2 уулу жерге берилди.