16-январдын каргашалуу таңында Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын мектеп курагындагы тургундары окууга дайынданып, айрым ата-энелер жумушун көздөй бет алганда Боинг 747 учагы кыйрады. Кырсыктан улам 38 адам каза болуп, ондогон жарандар жаракат алышкан. Окуяга күбө болгондор ал таң тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришти.
"Кырсык болгон таңда мектепке даярданып жаткам. Бир убакта катуу жарылуу болуп, жер титиреп кетти. Сыртка чыгып эле кыйкырыктарды уктум, айылдын эли ызы-чуу түшүп жатыптыр. Иттер улуп, согуш башталгандай болуп кетти. Бир аздан кийин учак кулап, жарылганын билдим", - деп билдирди жергиликтүү тургун, 9-класстын окуучусу Максат Бактыбеков.
Маалыматка ылайык, учак кулаганда аман калган жергиликтүү тургундар урандылар алдында калган адамдарды куткарууга аракет кылышкан. Алардын арасында 16 жаштагы Эсен Дамиров менен Байдылда Акматов да бар.
"Учак жарылганда жер титиреди го деп сыртка чыгып, алоолонуп күйүп жаткан жалынды көрдүм. Кырсык болгон жер бизге 15 метрдей жакын болчу. Биринчи биз жетип бардык. Айылдаш бир баланы кулап калган дубалдын алдынан тартып чыктым. Андан соң денеси күйүп каза болгон бир кишини сүйрөп чыктым. Кийин бизди куткаруучулар, милициялар келип сыртка чыгарып жиберишти", - дейт Эсен Дамиров.
Байдылда Акматов кырсык болгон мезгилде айрым адамдар кулаган дубалдардын арасында тирүү жатканын айтты. Ал 3 наристеси бар кошунасы каза болгонун кошумчалады.
"Баары заматта каза болуп калган жок. Айрымдары урандынын алдында тирүү жатышты. Убакыттын өтүшү менен жардам кечигип, каза болушту. Таңга маал жарылуу болгондо трансформатор жарылды го деп ойлогом. Ошол убакта электр энергиясы өчүп калды. Сыртка чыксам, 3 наристеси бар кошунам кош бойлуу аялы менен каза болуптур. Алардын үйү тыптыйпыл болуп калыптыр", - деп билдирди окуянын күбөсү Акматов.