Сасык тумоо кайрадан күч алууда

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жүргүзгөн мониторинги боюнча сасык тумоо менен курч мүнөздөгү респиратордук вируска кабылган жарандардын саны кайрадан өсүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январына карата болгон маалыматка ылайык, ооруга чалдыккандардын саны 1,3 эсеге жогорулаган. Жаңы жылдын алгачкы жумасында республика боюнча аталган оорулар менен 5872 кайрылуу түшсө, 2-жумада 7479 адам кайрылган.

"Ооругандардын саны өлкө боюнча Ош жана Баткенден башка облустардын баарында өсүп жатат. Өткөн жылдары эпидемия декабрь айында башталып, январь айынын аягына, февраль айынын башына туш келчү. Бала бакчага келбеген балдардын 1,3 пайызы сасык тумоо менен курч мүнөздөгү респиратордук вируска кабылгандар, ал эми балдар билим берүү уюмдарында 4,1 пайызды түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Мектептерде, мектепке чейин билим берүү уюмдарында балдардын келиши боюнча мониторинг жүргүзүү уланууда. Учурда эпидемиялык абал көзөмөлдө экенин билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-01-18 21:19:00
Январь февральда катуу грипп журот деп прогонз беришкен эле сак бололу эл журт...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан