17-январь күнү Сузак районунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү жашаган үйлөр тинтүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тинтүү иштери соттун санкциясынын негизинде жүрүп, ага Жалал-Абад ОИИБинин, УКМКнын жана Сузак РИИБинин өздүк курамдары катышты.
“Жалпы 3 турак үй текшерилип, диний-экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, дептерлер, дисктер табылды. Ошондой эле компьютер жана башка буюмдар экспертизага жөнөтүлдү”, - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБинин маалыматында.
Айта кетсек, буга чейин да Жалал-Абад облусунун аймагында тинтүү жана казыят менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп келген. Анын жыйынтыгында 62 адам өз эрки менен экстремисттик уюмдан чыккан.