Кыргыз Республикасы 2016-жылы ЕАЭБге кирген өлкөлөргө 22 миң тонна сүт экспорттоду

Кыргыз Республикасы 2016-жылы Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 22 миң тонна сүт продукциясын экспорттоду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүт экспорттоо көрсөткүчү 2015-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп болгон. Мындай маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов өлкөнүн биримдиктеги пландарын жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешмеде айтып чыкты.

"Калысбек Жумакановдун айтымында, сүт продукциясын экспорттоодогу көлөмдүн жогорулашы 19 ата мекендик мал чарба продукциясын өндүргөн ишкананын ЕАЭБдин бирдиктүү тизимине киргизилгендигине байланыштуу орун алган. Тизмеге кирген ишканалардын 8и сүт продукциясын өндүрүү боюнча ишканалар болуп саналат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан