"Hermes" француз мода үйү кыргыз оймолоруна окшош оймолор түшүрүлгөн жоолуктарды чыгара баштады. Жоолуктардын сүрөттөрү аталган мода үйүнүн расмий баракчасына жарыяланды.
Анда аппалуза породасына кирген күлүк аттардын сүрөтү түшүрүлгөн. Андыктан анын урматына жоолуктар "Appaloosa des Steppes" деп аталат. Жогоруда аталган породанын мекени Түндүк Америка болуп саналат.
2015-жылы Улуу Британиянын алып баруучусу Конор Вудман темгилдүү ат жөнүндө даректүү тасма тартып, анда аппалузанын кыргыздын чаар аты менен туугандык жайы бар экенин айткан.
Француз брендин жактырган белгилүүлөр Виктория Бекхэм, Ева Лонгория, Сандра Буллок, Жулия Робертс эми кыргыздын саймалары жана чаар аты тартылган жоолуктарды салынып калышы мүмкүн.