Адатта кайрымдуулук иштерин жасагандар интернеттеги социалдык баракчалар, массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдап, мактоо, ыраазычылык баракчаларынан бери эл назарына алып чыгышат. "Кандай боорукердик иштерди жасаганыңды баарынын билгени маанилүү эмес. Чын көңүлдөн жасалса, ошол сооп болот, бул нерсе Кудайга да жагат" деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек.
Бүгүн, 20-январда бир топ убакыттан бери кайрымдуулук иштери менен алектенип, Токмоктогу жетим балдар үйүнүн сыртынан баштап, компьютер, диван, балдар, эс алчу бөлмөгө чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөргөн, алардын кем-карчын толуктап, ал гана эмес, алар менен чогуу ойноп, жылуу мамиле түзүп, бир тууганга айланган "Жорго" компаниясынын кызматкерлери тууралуу сөз болот.
Жигиттер бул иштери тууралуу айтуудан баш тартышкандыктан, балдар үйүнүн кызматкерлери атайын байланышка чыгып, алардын кандай иштерди жасагандыгын айтып берүүнү чечишти.
Токмок балдар үйүнүн тарбиячысы Ырыскалый Чыналиевдин айтымында, "Жорго" компаниясы жаш балдарга өзгөчө камкор экенин, муну сезген балдар алардын келерин дайыма жол карап күтүшөрүн айтат.
"Булардын келе жатканын алыстан эле көргөн балдар "кара жорго келатат" деп кубанып тосуп чыгышат. Кандай маселе жаралбасын, ушул жигиттерге кайрылабыз. Бизди эмне кубандырат? Булардын жүрөгүнүн тазалыгы, ата-энеси жок, түрдүү тагдырдын сыноосу менен ушул жерге түшкөн ар бир жетим баланын маңдайынан сылап, келечеги, жакшы жашоосу, тамактануусу, кийинүүсү үчүн кам көргөндүгү кишинин жүрөгүн жылытат. Бир жылга чукул убакыттан бери тынбай келишет. Бирок бир да жолу башкаларга окшоп балдар менен сүрөткө түшүп, өздөрүн пиарлаганын, мактанганын көргөн жокпуз. "Келиңиздер, сиздер жөнүндө айталы, жазалы" десең, "жок, кереги жок, баары балдардын келечеги үчүн" деп коюшат. Мен бул сөздөрдү макташ үчүн айтып жатканым жок, болгон чындык ушундай", - дейт Чыналиев.
"Кээ бир адамдар бар, 10 калем алып келип, "20 калем алып келди деп жазып бериңизчи" дешет. Андайларды көрүп, аргасыздан таң каласың, жакаңды кармайсың", - деп кошумчалады тарбиячы.
Аталган жайда 10 жылдан бери эмгектенип келе жаткан улуу тарбиячы Айсалкын Орозматова да ошол маалда сөзгө аралаша кетти.
"Жорго" компаниясы алгач келгенде, ишенесиздерби, бир бөлмө толо азык-түлүк, ун, макарондорду алып келишиптир. Тамак-аш жактан өксүү болбогондуктан, кийинчерээк өздөрү телефон чалып, эмне зарыл экенин сурап, балдарга керектүү бут кийим, ич кийим, оюнчуктарды алып келе башташты. Кээ бир адамдар, ырчылар бар, атайын кайрымдуулук иштери менен келдик дейт да, балдарга алып келгенин таратып берип, кайра алардан жийиркенгенсип колдорун салфетка менен сүрүп калышат. Билесиздерби, балдар абдан сезимтал, баамчыл келишет. Жасалма мамилени көргөн балдар чоңдор алып келген таттуу, буюмдарын жадакалса кармагылары да келбей калышат.
"Жоргонун" жигиттери биздин балдарга улуу агаларындай эле. Күн жылуу мезгилде алар менен топ ойноп, маселелерин угуп, кээ биринин атайын өтүнүчтөрү менен белектерди алып келип берип турушат. Анан кантип ушундай жигиттер жөнүндө айтпаш керек?" - дейт А.Орозматова.
Кызматкерлердин айтымында, "Жорго" компаниясы Токмок балдар үйүндөгү эне сүтү оозунан кете элек наристелерден баштап өспүрүмдөргө чейин каржылык, моралдык колдоо көрсөтүп турат. Балдар үйүнөн жашы жетип узап, чоң турмушка аттанган уул-кыздарыбызга да кеңсе эшиги ачык экенин айтып, аталган компанияда жумуш табуусуна шарт түзүп беришет.