Ички иштер башкармалыгы Боинг 747 учагы кыйраган жерде мародёрчулук болбогонун бүгүн, 19-январда билдирди.
"Социалдык тармактарда жана кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында "мародёр" делген жаран менен жакшы эмес окуя болгону айтылып, мамлекет андан кечирим сурашы керектиги жазылууда. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт жана айрым адамдар тарабынан коомчулукту адаштыруу максатында жарыяланып жатат. Авиакырсык болгон күнү Чүй облусунун укук коргоо органдары кырсык болгон жерди курчоого алып, коомдук тартипти сакташкан", - деп айтылат маалыматта.
Учак кыйраган аймакта иликтөө иштери жүрүп, тыштан келген жарандар киргизилбей, мародёрчулук менен уурулуктун алдын алуу максатында күнү-түнү кайтарылганы маалымдалат.
"Бул чаралар ички иштер органдарынын түздөн-түз милдети. Ал күнү кызматкерлер чака менен бара жаткан шектүү жаранды кармашкан. Суракка алынганда чакадагы буюмдар анын агасынын каза болгон балдарыныкы экени белгилүү болду. Териштирүү иштери бүткөн соң кармалган жаран коё берилген", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
Эскерте кетсек, авиакырсык болгон соң куткаруу иштерине тартылган аскерлер түн ичинде телефон издешкенин тургундар айтып беришкен.