Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасы тарабынан алынган гранттар жана алардын пайдаланылышы жөнүндө маалымат бериши керек болчу. Айрым чиновниктердин келбегени үчүн бул маселе кийинки жумага жылдырылды.
Отурумга вице-премьер-министр Олег Панкратов баштаган бир топ өкмөт мүчөлөрү келишкен эмес. Министрлердин ордуна алардын орун басарлары келишкен. Депутаттар министрлердин орун басарлары толук маалымат бере албастыгын айтышып, маселени кароону кийинки жумага калтырууну чечишти.